Биз менен байланышыңыз

«Жергиликтүү кеңештерди шайлоого 425 млн сом керектелет»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2021 | 732 | 0

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо үчүн республика боюнча 2273 шайлоо тилкеси даярдалды. Шайлоону өткөрүүнүн чыгымдарынын жалпы сметасы 425 млн сомду түздү.  Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын алдын ала тизмеси жарыяланып, ар бир шайлоо тилкесине илинди.

448 жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланат. Анын 28и — шаардык кеңеш, 428и — айылдык кеңеш.

«Учурда жер-жерлерде аймактык шайлоо комиссиялары, тиешелүү мамлекеттик органдар жана өзүн-өзү башкаруу органдары менен уюштуруу иштери жүрүп жатат. Саясий партиялар шаардык кеңештин шайлоосуна ат салышууда. Учурда съезддерин өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактоо жүрүп жатат, ал 1-мартка чейин жүрөт. Мындан улам канча саясий партия ат салышарын айтуу азырынча эрте», — деди Бекматов.

БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелге белгиленгенин маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM