Биз менен байланышыңыз

«Жергиликтүү кеңештерди шайлоо учурдагы Конституция боюнча өтөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2021 | 942 | 0

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен референдум биргеликте өтүп калса, 455-465 млн сом керектелиши ыктымал. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бюллетендерди даярдап жеткирүүгө, маалыматтык кампанияларга, транспорттук чыгымдарга 30-40 млн сом сарпталышы мүмкүн. Ал эми жергиликтүү кеңештерди шайлоого 425 млн сом керектелет.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо «Форма №2» колдонулбайт. Шайлоо учурдагы Конституциянын негизинде өткөрүлөт.

«Бул жерде жергиликтүү жамааттын мүчөсү шайлоого катыша алат. Ал үчүн аймак же шаарда каттоосу болушу шарт, ошондо гана шайлоо укугуна ээ болот», — дейт Бекматов.

Copyright © 2017 Maral FM