Биз менен байланышыңыз

Бабур Тольбаев жергиликтүү шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» менен катышат

Кыска кабар | 28 Фев 2021 | 1361 | 0

Ишкер Бабур Тольбаев Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен барат. Бул тууралуу партиянын 28-февралда өткөн съездинде белгилүү болду. Кезексиз сьездде партиянын талапкерлерин аныктоо боюнча жабык добуш берүү жүрдү. Анда билингендей, Тольбаев талапкерлердин тизмесинде сап башында болот.

Бабур Тольбаев өткөн президенттик шайлоого да катышып, жалпы шайлоочулардын 2,36% добушун алып, 3-орунда болгон.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-апрелге белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM