Биз менен байланышыңыз

Тольбаев: Мен жеңип чыксам, соңку президент болом

Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 822 | 0

Президенттикке талапкер Бабур Тольбаев шайлоодон жеңип чыкса, соңку мамлекет башчы боло турганын айтты. Талапкерлердин теледебатында сөз сүйлөп жатып ал парламенттик башкарууну колдой турганын жарыя кылды.

— Шайлоодон жеңип чыксам, өлкөнү башкаруу системасын парламенттикке даярдайм. Биз бара-бара ушул жолго өтүшүбүз керек, — деди Тольбаев.

Ал өз сөзүндө бул процесс 5-6 жылдын ичинде шашпай, кеңири талкуулоо менен кылдат каралып чыгышы керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн 30-декабрда президенттикке талапкерлердин теледебаты өтүүдө. Ага Равшан Жээнбеков, Бабур Тольбаев, Улукбек Кочкоров, Абдил Сегизбаев, Жеңишбек Байгуттиев, Курсан Асановдор катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM