Биз менен байланышыңыз

Өкмөт мындан ары жарандарды массалык каттоого жол бербөөнү тапшырды

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 464 | 0

Алдыдагы жергиликтүү кеңештерди шайлоо жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өтүүсү керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушул жылдын 12-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө  даярдык көрүү маселеси боюнча жыйында билдирди.

«Процесстин ачык-айкын өтүшүн камсыз кылуу маанилүү. Биз буга чейин заманбап технологияларды колдонуу менен бир нече жолу шайлоо жана референдум өткөрдүк. Мындан ары да шайлоо өткөрүү боюнча топтогон тажрыйбаны бекемдеш керек», — деди Өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга мындан ары жарандарды массалык каттоо фактысына жол бербөө тапшырмасы берилди.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, мандаттардын жалпы саны 544ү түзөт, анын 169 – шаардык кеңеш, 375 – айыл кеңешке. 8-мартка карата шайлоочулардын саны 342 545 адамды түздү.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу  ушул жылдын апрель айында Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 25 айылдык кеңештин, ошондой эле 5 шаардык кеңештин (Ош, Майлуу-Суу, Балыкчы, Каракол жана Токмок) депутаттарын шайлоо болот.

Copyright © 2017 Maral FM