Биз менен байланышыңыз

Форма №2 шайлоочунун укугун коргогон менен түпкүлүгүндө кызыктар тарап колдонот

Саясат | 19 Сен 2020 | 986 | 0

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Шайлоодо биометрикалык маалыматтардын негизинде гана добуш берүүгө болот. Ошол себептен биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандарга жана шайлоо дарегин өзгөртүү үчүн арыз берүүчүлөргө 19-сентябрга чейин убакыт берилген. Форма №2 алуу үчүн кайрылгандардын саны 16- сентябрга карата алынган маалымат боюнча 264 миң 270ке жетти. Ошол эле учурда көпчүлүк жарандар Бишкек шаарында бир канча шайлоо участкалары толуп, арыздарын кабыл албай жатканын билдиришүүдө.

Бишкектеги шайлоо участкалары чын эле толуп, форма №2 кабыл албай жатабы? Же арыздарды кабыл албоонун башка бир себеби барбы?  Муну билүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында көрсөтүлгөн телефон номерлери менен Бишкектеги айрым шайлоо участкаларында чалып көрдүк.

Көк-Жар кичи районундагы №1156 шайлоо участкасынын катчысы Назик Нурболотовага чалганыбызда ал жумуштан бир ай мурун кеткенгигин, бирок аталган участкада учурда форма №2 кабыл алынбай, толуп калгандыгын айтты.

Форма №2 азыр албай калышкан, мурда эле толуп калган. 

Ошондой эле форма №2 кабыл алганга аз эле орун калгандыктан кабыл алынбай тургандыгын Туңгуч кичи районундагы №1159 участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Миргүл Ибраимова билдирди.

Бизде аз эле место калды, Туңгучтун элине жана комиссия мүчөлөрүнө эле калды. Биз өзүбүз ошол жакка катталышыбыз керек, бүгүн акыркы күн.

Ал эми Гоголь көчөсүндөгү № 1332 шайлоо участкасынын төрайымы Дильбар Худайбердиевага чалганыбызда, ал жерде азырынча орун бар экендигин айтты.

Компьютер кабыл алганга чейин келген арыздарды кабыл ала беребиз, толгондо компьютер өзү кабыл албай калат.

Ошентип, форма №2лерди кабыл алып-албай жаткандыгы боюнча шайлоо участкаларынан ар түрдүү жооп уктук.

Ар бир шайлоо участкалары кошумча форма №2лер үчүн бөлүнгөн орундардын толуп- толбогондугун билүү кыйын экендигин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, форма №2 боюнча келген арыздарды заматта кабыл алуу мүмкүн эмес.

» Участкалык шайлоо комиссияларындагы орундардын толгон-толбогондугун заматта билиш кыйын. Себеби, берилген форма №2 үлгүсүндөгү арыздар ошол эле заматта каралбайт. Бул техникалык да, физикалык да жактан мүмкүүн эмес. Ал 1-2 күндү талап кылат», — деди Бекматов.

Ошондой эле ал участкалар толуп калган болсо, толо элек участкаларга барууну ар бир шайлоо участкасындагы тиешелүү кызматкерлер сунушташа тургандыгын кошумчалады.

Мындан сырткары, Бекматов ар бир шайлоо участкаларындагы комиссиялар дагы 19- сентябрга чейин кайрылышы керектигине токтолду.

«Мисалы, бир УШКда 2400 орун болсо, бүгүн дагы 50 арыз кабыл алсак, болжолдуу түрдө толуп калганын билебиз. Ошондуктан шайлоо участкаларындагылар толду деп айтат» ,-  деди Бекматов.

Ошол эле учурда шайлоого аттанып жаткан айрым саясий партиялар форма №2 үлгүсүндөгү арыз менен кээ бир шайлоо участкаларына өздөрү унаа менен топтоп алып барып, катталууга жардам бере тургандарын сунуштап жатканы эл арасында айтылып жүрөт.

Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов андай мүмкүнчүлүк эч кимде жок экендигин жана мүмкүн эместигин билдирди.

«Бизде ар бир шайлоо комиссиясындагы операторлор, комиссия мүчөлөрүнөн башка эч ким ишеничтүү айта албайт. Биз күн сайын келип түшкөн арыздарды, алардын каралуусун, ар бир УШК боюнча кыймылды тиешелүү бөлүм көзөмөлдөп турат» , — деди Бекматов.

Мына ошол форма №2ни жоюш керектигин БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдагы шайлоо адрести шайоочунун укугун сактагандыгын көрсөтүп, бирок түпкүлүгү мыйзамды кызыктар тараптар колдонот.

«Бирок мыйзам чыгаруучулар муну жойбой жатат. Демек бул аларга керек нерсе. Шайлоочуар аз эле колдонот. Түпкүлүгү кызыктар тараптар колдонот», — деди.

Кыргызстанда жарандар форма №2 үлгүсүндөгү арыз жазуу менен шайлоого катышуусу боюнча мыйзам 2011-жылы президенттик шайоонун алдында кирип, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатат. Буг чейин шаардык кеңештерге болуучу шайлоого карата Ошто массалык каттоо болуп, эч ким жашабаган үйгө 900 адам катталган мыйзам бузууларды аныкталган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM