Биз менен байланышыңыз

БШК кийинки шайлоонун эрежесин өзгөрткүсү келет

Саясат | 13 Окт 2020 | 2704 | 0

Борбор калаада өткөн нааразычылык акцияларынан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Конституция боюнча эгер шайлоо жараксыз деп табылса, бир айдын ичинде кайра шайлоо дайындалат. Ошентип, 6-ноябрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы «Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» чечим кабыл алышы керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоо дайындалганга чейин шайлоо босогосун ылдыйлатуу жана күрөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү маанилүү деп эсептей тургандыгын жана кылган иш-аракеттери шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга алып келген саясий партиялардын кайра катышуусу жана бир нече маселелер боюнча өздөрүнүн сунуштарын Жогорку Кеңешке жөнөткөндүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

— Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо жокко чыгарылгандан кийин, кайрадан шайлоону БШК бир айдын ичинде даярдашы керек. Ал дайындалган шайлоо кайра шайлоо болгону үчүн мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат. Башкача айтканда, 2 айда бүтүшү керек. БШК өзүнүн жыйынында үч-төрт маселе боюнча Жогорку Кеңешке сунуштарды берип, тез аранын  ичинде карап берсин дедик. Бул — шайлоо күрөөсү, шайлоо босогосу жана «Форма-2». Күрөөнү бир миллионго чейин түшүрүп берүү, шайлоо босогосун 3-,5 %га түшүрүү  жана «Форма-2» облустун ичинде колдонулбасын деген сунуштар болду. Ошондой эле буга чейин катышкан саясий партиялардын кайрадан шайлоого катышуусу дагы такталат, — деди Бекматов.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол берген саясый партиялардын кайра катышуу маселесин мыйзам аркылуу жөнгө салууну талап кылат. Мыйзам боюнча кимдин күнөөсүнөн улам шайлоо жокко чыкса, ошол партиялар кайра катыша албайт деген норма бар. Ошондуктан өткөн шайлоодо алдыга чыккан үч партияны каттабоо керектигин Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов айтты.

Ошондой эле парламент тарыхый жоопкерчиликти мойнуна алып, азыркыдай саясий интригалардан башын чыгарып, жакынкы өтө  турган шайлоолорго даярдык көрүп, керектүү мыйзамдарды тез аранын ичинде кабыл алып бериши керектигин кошумчалады.

Болуп өткөн окуялардын баары «Форма-2нин» айынан болду, ошондуктан аны жокко чыгаруу керек. Ошондой эле шайлоо босогосун 3-5 %га түшүрүшү керек, бул — коомдо стабилдүүлүктү алып келе турган фактор. Анан күрөөнү да 1 миллионго түшүрүү — абдан туура норма. Ошондуктан депутаттар бардык оюндарды жыйыштырып, ушул мыйзамдарды кабыл алып берсе, моралдык жактан жүздөрүн сактап калышат, — деди Шыкмаматов.

Парламенттик шайлоо бир айдын ичинде белгилениши керек. Шайлоо өткөрүү боюнча сунуштарды берүүгө бардык жарандардын укугу бар, бирок ал кабыл алынып-алынбастыгы, ага кандай жол менен барышары Жогорку Кеңештин өзүнүн маселеси экендигин БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев билдирди.

— Мыйзам өзгөрбөгөндөн кийин мурунку бойдон эле калышы керек, мыйзам өзгөрмөйүн, эч ким өзгөртө албайт да. Бизде кыргызда бир күндө, бир түндө кабыл алып, кол коюп койсо жарай берет, башыбыздан өтпөдүбү? Жогорку Кеңештин кебетесин көрүп жатпайсыздарбы? Керек болсо 2 саатта кабыл алып берет, бир-эки саатан кийин кол коюп берип кете берсе деле жарай берет болуп калат да. Кандай жол менен барышат, бул — Жогорку Кеңештин өзүнө байланыштуу. «Мыйзам талаптарын аткарып барышабы, же кандай болот?» — деген кеп да, — деди Сариев.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин VII чакырылышына 16 партия ат салышты. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгында 4 партия — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өттү. Калган 12 партия бул шайлоо өтө ыплас жана мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптардын митингинен кийин өлкөдө  саясий абал курчуп, 6-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM