Биз менен байланышыңыз

Камчы, Гүлжамал: «Ак салкын» тасмасында кемпир-чалдын образындабыз  

Эрнест Абдыжапаровдун «Боз салкын» киносундагы талашып-тартышып, ымалага келе албаган жубайлар элдин эсинде болсо керек? Кандай мүнөздөгү каарман берилсе да көркүнө чыгарып, элдин алкышына татыган кино жана театр актерлору Камчы Сарыбаев менен Гүлжамал Мамытбекова «Марал» радиосунун «Үзөңгүлөш үч эрке» программасында конокто болушуп, өткөн мезгилдин баа жеткис күндөрүн эске салышты.

Сценарийде жок эпизодду  жаратканбыз

Гүлжамал Мамытбекова: — «Боз салкын» тасмасындагы экөөбүз тартылган жерлери сценарийде жок болчу. Негизи, мен көрүндүк сураган жерин эле ойномокмун. Кийин кино тартылып жаткан айылга жакын жерде Камчы достору менен эс алып жүрүп, «Кино кандай тартылып жатат, көрүп кетейин», — деп биз тарапка келип калыптыр. Ошол жерден кызыктын баары башталды. Ал келгенде экөөбүз айтыша кеттик.

Камчы Сарыбаев: — Бул учурду байкап туруп эле Эрнест байке: «Чечилди, экөөң аялы-күйөөсү болуп аткарасыңар», — деп калды. Биз бул каармандардын жашоо-турмушун, кылык-жоругун, жанагы тепкен жери, чай ичкендеги урушуп-талашкандары, кинонун аягындагы жайлоого көчүрүп барган жерине чейин тартылып калдык. Негизи мен тасмада Мурат Асеманын аркасынан келгенде, эшиктин алдында бычак кармап турган кишинин эле ролун аткармакмын.

Тасмадагы кызыктар

Гүлжамал: — Жайлоого баргандагы эпизоддо баарыбыз отуруп алып, Асеманын тамак жасаганын шылдыңдап, бир койдун этин мен, Камчы, Сагын, Асема, Сагындын апасы болуп жеген жери бар болчу. Кийин ал жери тасмага кирбей калыптыр. Ошол жерди тартып жатканда, Камчыга «Этти болушунча же», — деди. Камчы жеп жатат, анысы жарабай калып, кайра-кайра тартып жатып, актерубуз аябай кыйналган (күлүп).

Камчы: — Ооба, сыртта бардыгы ачка жүрөт. Мен болсо кайра-кайра эт жеп олтуруп, сыртка чыксам, топчуларым «ырсайып» калыптыр (күлүп).

«Боз салкындын» уландысы «Ак салкын» тасмасында кемпир-чалдын образындабыз

Гүлжамал: — Экинчи бөлүгүндө 16 жыл мурун бала-чакасы жок эле экөөбүз болсок, бул жолкусунда небере күтүп, очор-бачар болуп калган абышка-кемпирдин ролун аткарабыз. Ошондо да урушуп-талашып: «Неберем сага эмес, мага окшош», — деп кайым айтышкан, тынчы жок кемпир-чалдын образын жараттык.

Камчы: — Мурдагы каармандардан экөөбүздүн эле ролубуз калыптыр.

Гүлжамал — аялым эмес, аяшым болот

Камчы: — Азыркы учурда деле «Кинодогу сенин келинчегиңби?» — деп сурай беришет. Андай эмес, Гүлжамалдын жолдошу — менин жакын досум, таланттуу актер Илим Калмуратов, а Гүлжамал аяшым болот.

Гүлжамал: — 2001-жылы Камчы, мен, Илим — баарыбыз окууну бүтүп келген учурубуз. Ошол кезде борбордук «Ала-Тоо» аянтына эгемендүүлүккө карата иш-чарага студенттерди чакырышкан. Таанышууну биринчи мен өзүм баштагам (күлүп). «Нарындын Ак-Талаасынан бойдок жигиттер барбы?» — деп сурап калдым. Өзүм да ошол жактан болом. Бир аздан кийин эле баары Илимди көргөзүштү. «Байке, Ак-Талаадан болосузбу?»- десем, «Ошол жактын Бишкегинен болом», — дейт. Мен: «Бой көтөргөн неме экен», — деп ойлодум. Түшкү тамактануу учурунда Аскат Сулайманов келип: «Сүйлөшүп көргүлө», — деп калды. Мен да: «Мени эле алып алыңыз», — деп тамашалашып отуруп, чындыкка айланып кетти. Бир аз сүйлөшкөндөн кийин баш кошуп алдык.

Камчы: — Мен жубайым менен окуу жайда өтүлгөн иш-чаралардын биринде таанышкам. Биринчи көргөндө жагып калып, Данияр Жанжигит уулунан: «Тигил кыз сенин сүйлөшкөн кызыңбы?» — деп сурадым. Ал: «Карындашым болот», — деди. Күндөрдүн биринде кечеде караоке ырдап атсам, ал кыз мени жактырып калыптыр. Анан жетинчи жолу жолукканда сунуш киргизип, үйлөнүп калдык.

Кыялыбыздагы каармандар…  

Гүлжамал Мамытбекова: — Мен көбүнчө жоолук салынган кыргыз келиндин образын көп аткарып жүрөм. Өзүмдүн көксөгөн ролум бар. Психологиялык драматургиясы күчтүү роль болсо деп кыялданам. Бирок, режиссерлор актерлорду биринчи кандай образ менен көрсө, кайра эле ошол образга чакыра беришет.

Камчы Сарыбаев: — Мен деле оор басырыктуу, ойчул адамдын образын жараткым келет. Кинодо комедияга көбүрөөк тартылсам, спектаклдерде өзүм кыялданган каарманды аткарып эле жүрөм.

Copyright © 2017 Maral FM