Биз менен байланышыңыз

«Тажикстан менен тең ата сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Фев 2021 | 1681 | 0

Кыргыз жарандарынын Тажикстанга алынып кирип кетиши — тажик тараптын максаттуу жүргүзгөн саясаты. Анткени чек ара маселесинде Тажикстандын Кыргызстанга караганда системалуу саясаты, стратегиясы бар. Мындай пикирин Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чек ара сызыгынын жоктугунан тажик тарап аймакта жашаган элге моралдык басым кылуу максатында адамдарды жүйөөсүз кармап кетүү сыяктуу иштерди жасап жатат. Кыргызстандын жарандарына тажик элинен да, алардын күч түзүмдөрү тарабынан да басым болот.

«Биздин Тажикстан менен тең ата сүйлөшүүгө, аларды кысып коюуга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок биздикилер рычагдарды колдонбойт. Жеңилдик бергенин дипломатия деп ойлошот. А чыныгы дипломатия — улуттук кызыкчылыкты коргоо. Мындай болбойт. Кыргызстандагы революциялар да маселеге залакасын тийгизүүдө. Анткени ар бир жаңы бийлик элдин колдоосун алган соң, сырттан да колдоо күтөт. Башка мамлекеттер кандайдыр бир шарттардын негизинде колдойт. Ага чек ара маселелери да кирет. Биздикилер бул жагынан да көз каранды болуп калууда», — дейт Айжигитов.

Copyright © 2017 Maral FM