Биз менен байланышыңыз

«Баткенге өзгөчө макам берүү — айла жоктун иши»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Фев 2021 | 1351 | 0

Жарандык активист Нурсултан Калилов «Маралга» берген маегинде кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча иштер жаңыдан жанданып баштаганын билдирди.

Анын айтымында, коомчулук айрыкча чек ара маселесинде жаңы бийиктен зор үмүттөрдү артууда. Бийлик муну колдон чыгарбашы керек. Чек ара боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алууда сөзсүз түрдө жергиликтүү элдин пикири эске алынышы кажет.

Калилов Баткенге өзгөчө макам берүү айла жоктун иши экенин белгиледи. Бул аракетти чек ара маселесин ыкчам чечүүдө жардамы тийип калышы мүмкүн деген ойдо жасалган кадам катары баалады.

«Кандай гана макам берилбесин, аны улам бекемдеп, ишке ашырып турбаса, жөн гана кагаз бетинде калып калат. Маселен, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттары чек ара аймагына жакын жашагандарга акчалай жардам берүү боюнча мыйзам жазган, бирок бүгүнкү күнгө чейин ишке кире элек. Өкмөт бюджетте акча жоктугун айтып келет», — дейт Калилов.

Ал белгилегендей, Баткенге өзгөчө макам берилген соң, чек ара багытындагы иштер алынып барылып, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө шарт түзүлүшү кажет. Мектеп, бала бакча, эркин экономикалык зона салынып, бизнести өнүктүрүүгө, жумушчу орундарды түзүүгө артыкчылык берилиши керек.

Жогоруда аталган аракеттердин арты менен Баткендин экономикалык абалы чыңдалса, чек ара маселесинде да алгылыктуу иштер аткарылмак.

Copyright © 2017 Maral FM