Биз менен байланышыңыз

УКМК кримтөбөл «Женгонун» байлыгын жарыялады (сүрөт)

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 655 | 0

«Женго» каймана аты менен таанымал болгон криминалдык авторитет Кадыр Досоновдун кылмыш жолу менен тапкан акчаларын легалдаштырып алганы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

— Такталгандай, буга чейин эч жерде иштебеген жана ишкердик менен алектенбеген, бир нече жолу соттолгон Кадыр Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 автоунаа жана кыймылсыз мүлктөрүнөн 15 турак-жай жана 35 жер тилкелери сыяктуу көп сандагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылганы аныкталды. Ошондой эле, курулуш компанияларда Досоновдун бир катар ири өлчөмдөгү каржылоолору бар, — деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан акча каражаттарынын жана мүлктөрдүн келип чыгуу булактарын аныктоо жана тактоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM