Биз менен байланышыңыз

УКМК: Радиожыштык боюнча коррупциялык схема аныкталды

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 369 | 0

Мамлекеттик байланыш агенттиги көзөмөлдөгөн компанияларга радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн лицензия берүүдө аталган мекеме дагы бир коррупциялык ишке жол бергени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекетик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси Бишкек жана Ош шаарларында зымсыз туташуу станцияларын иштетүү үчүн жеке компаниялардын бирине 20 МГц өткөрмө жөндөмдүүлүгү бар радиожыштык спектрин колдонууга лицензияны мыйзамсыз берген.

Ал эми аукционго коюлган радиожыштык спектринин баштапкы баасы 61,5 миллион сомду түзгөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү мекеменин кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу чаралары көрүлүүдө.

Азыркы учурда тергелип жаткан кылмыш боюнча жасалган иштердин алкагында жалпы баасы 143,7 миллион сомду түзгөн радиожыштык мамлекетке кайтарылып алынды.

Copyright © 2017 Maral FM