Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Митингчилер президенттин чыгуусун талап кылышууда

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 738 | 0

Бүгүн, 15-февралда Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселеси боюнча митинг уланууда.

Митингге чыккандар: «Садыр Нургожоевич, элге чык!», «Чек ара маселеси чечилсин!» — деген талап коюшууда.

Алар кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек арасындагы маселелерди тез арада чечип берүүнү талап кылууда. Катышуучулардын айтымында, тажик аскерлери Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 40 гектар жерге курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми Көк-Таш айылынын кире беришиндеги жолдун жээгине тажик тарап көчөт отургузуп баштаганын, буга кыргыз бийлиги чара көрбөй жатканын айтууда.

Чек ара коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаковдун айтымында, бүгүн президент көйгөй боюнча 2 кишини кабыл алат. Бирок, алар 2 кишиден көп өкүл кабыл алуусун, болбосо элге өзү чыгуусун талап кылышууда.

Copyright © 2017 Maral FM