Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жапаров чек ара боюнча миттинге чыккандардын эки өкүлү менен жолугат

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 681 | 0

Бүгүн, 15-февралда президент Садыр Жапаров чек ара боюнча миттинге чыккандардан эки өкүл кабыл алат. Бул тууралуу Өкмөт үйүнүн алдында өтүп жаткан митингде сөз сүйлөгөн «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров чек ара маселеси боюнча үн катып, коомчулукка түшүндүрмө берүүсү керек.

Митингдин катышуучулары чек ара маселесин чечип берүү жана чек ара боюнча буга чейинки иштерди териштирип, жер саткан кызмат адамдарын жоопко тартуу талабын коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM