Биз менен байланышыңыз

Коронавирус 41 адамдан табылып, бир адам каза болду

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 248 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 41 адамдан табылып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкекте – 15, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 18, Нарын облусунда – 5 кишиден табылган.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 53 адам коронавирустан айыгып, жалпы сакайгандардын саны 82 миң 306 кишиге жетти.

Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда бир адам каза болду.

Ал ортодо стационарларда коронавирустан 444 бейтап, амбулатордук түрдө 387 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 196 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 118 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жалпы 85 миң 516 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 306 киши айыгып чыкса, 1 миң 442 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM