Биз менен байланышыңыз

Япониядагы жер титирөөдөн кеминде 30 адам жаракат алды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2021 | 504 | 0

Японияда болгон күчтүү жер титирөөдөн кеминде 30 адам жаракат алды. Бул тууралуу «The Japan Times» жазып чыкты.

Билдирүүдө Мияги жана Фукусима префектураларынын жашоочулары жабыркаганы айтылат. Бирок жаракаттарынын оордугу жөнүндө маалымат берилген эмес.

Ошондой эле өлкөдөгү 950 миң үй электр жарыгысыз калгандыгы маалымдалды. Жер титирөөдөн кийин Япониядагы бир нече электр станциялары иштебей калган.

13-февралда Японияда күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн эпицентри Фукусима префектурасында Тынч океанынын түбүндө болгон.

Copyright © 2017 Maral FM