Биз менен байланышыңыз

Тажикстан коронавируска каршы орусиялык вакцинаны сатып алат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2021 | 562 | 0

Тажикстан коронавируска каршы орусиялык вакцинаны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык коргоо министри Жамолиддин Абдуллозода маалымдады.

Анын айтымында, Тажикстандын калкынын 20 пайызы вакцина менен COVAX программасынын механизми аркылуу камсыз болушат. Ал эми калган калктын 80 пайызы Тажикстандын эсебинен камсыздалат.

Тажикстанда 6 миллион 714 адам COVID-19 инфекциясына каршы эмделиши керек. Калкты эмдөө республикага кандай вакцина бериле тургандыгына байланыштуу.

-Эгер Орусиянын вакцинасы жөнүндө айта турган болсок, анда 5 миллион 840 миң адам эмдөөдөн өтөт,- дейт министр.

Учурда Тажикстандын өкмөтү орусиялык вакцинаны сатып алуу жана жеткирүү боюнча орус тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок, ал ДССУ макулдук бергенден кийин колдонууга берилет.

Махбуба Сайпилаева

Copyright © 2017 Maral FM