Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда Орусиянын «Спутник V» вакцинасын каттоо башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2021 | 471 | 0

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык комиссия Өзбекстанда Орусиянын «Спутник V» вакцинасын каттоо жана аны жүзөгө ашыруу иштерин баштоо тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдаган.

Санитардык-эпидемиологиялык абал кызматы билдиргендей, вакцинаны каттоо 11-февралда башталды жана ал тездетилген режимде жүргүзүлөт, бул 15-20 күндү камтыйт.

Өзбекстан каттоону жүргүзүү үчүн Орусия вакцинасын иштеп чыгуучулардан зарыл документтерди, атап айтканда, изилдөө жүргүзүү үчүн вакцинанын үчүнчү клиникалык сыноосунун жыйынтыгын алды.

Санэпидем кызматына калкты вакцинациялоонун тартибин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул процесс элдин өз эрки менен жана биринчи кезекте калктын төмөнкү тобуна: 65 жаштан ашкан карыларга, өнөкөт оорусу барларга, медицина кызматкерлерине, билим берүү мекемелеринин жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, 10-февралда президент Шавкат Мирзиёев калкты COVID-19га каршы эмдөөнү баштоо тапшырмасын берген.

Copyright © 2017 Maral FM