Биз менен байланышыңыз

Актер Тилек Жумагазиевдин операциясына 25 миң доллар керек болууда

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 855 | 0

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру, театрдын алдындагы окуу жайдын директору Тилек Жумагазиев тез арада боорун алмаштыруу операциясына муктаж экендигин кесиптештери билдирди.

Тилек Жумагазиевдин бооруна операция жасатуу үчүн 25 миң АКШ доллары керек болууда. Мындан улам театрдын актерлору жана жамааты 21-февралда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында «Күттүргөн жаз да келер» аттуу чоң программадагы кайрымдуулук концертин өткөрөт.

Концертке театр жана цирк өнөрпоздору, филармониянын ырчылары, Шубин атындагы музыкалык мектептин окуучулары, хореографиялык окуу жайдын студенттери, куурчак театрынын артисттери, «Дем» театры жана башка көптөгөн өнөрпоздор катышат.

Таланттуу актердун ден соолугуна кайдыгер карабаган кайрымдуу жарандар төмөндөгү реквизиттер аркылуу көмөк көрсөтсө болот:

Банк счет: 1280190000028741

Элсом: 0555 45 73 96

Copyright © 2017 Maral FM