Биз менен байланышыңыз

10-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 9 Фев 2021 | 538 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 10-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт жана жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-7, күндүз +3…+8;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5.

Бишкекте 10-февралда түнкүсүн кар аралаш жаан жааса, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +6…+8.

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Copyright © 2017 Maral FM