Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 9 Фев 2021 | 448 | 0

9-10-февраль күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Бул күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаайт. 9-февралда зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 9-февралда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

2021-жылдын 9-10-февралында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM