Биз менен байланышыңыз

9-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт

Кыска кабар | 8 Ноя 2020 | 313 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет билдиргендей, 9-ноябрда Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөшү мүмкүн. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1… +4, күндүз +4 … +9;

Талас облусунда түнкүсүн -4… +1, күндүз +3 … +8;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 3…+8, күндүз +8 … +13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7 … +12;

Нарын облусунда түнкүсүн -2 …-7, күндүз +7… +12.

Бишкек шаарында борбор калаада күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +2 … +4, күндүз +7 …+9 градус жылуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM