Биз менен байланышыңыз

7-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 6 Сен 2020 | 460 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-сентябрда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Баткен, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23;

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Бишкек шаарында 7-сентябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +18…+20 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM