Биз менен байланышыңыз

18-сентябрда тоолуу райондордо жаан жаап, карга айланат

Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 435 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 18-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. Кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +14…+19;

Таласта түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +18…+23 градус;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17;

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17.

Бишкекте 18-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн +9…+11, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM