Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 13-декабрда айрым райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 12 Дек 2020 | 538 | 0
Автор: Ахмед Доан

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-декабрда Ош, Жалалабад жана Баткен облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күндүз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;

Талас облусунда түнкүсүн -10….-15, күндүз 0…-5;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Нарын дубанында түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз -2…-4 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM