Биз менен байланышыңыз

Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча Өкмөт үйүнүн алдында пикет өттү

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 1041 | 0

Бүгүн, 8-февралда «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү премьер-министр Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча айткан сөздөрүнө жооп берүүсүн талап кылып, Өкмөт үйүнүн алдында пикетке чыгышты.

Алар Кайырма, Ак-Суу каналдары, «головной» суу бөлүштүргүчү жана Төрт-Гүл суу сактагычы Кыргызстанга карай турганын айтышууда.

Митингдин катышуучулары Мариповдун кечээ, 7-февралдагы видео кайрылуусу жетишсиз жана түшүнүксүз экендигин билдиришип, толук түшүндүрмө берүүсүн талап кылып, өкмөт үйүнүн алдында Өкмөт башчынын чыгуусун күтүшүүдө.

Мындан сырткары Төрт-Гүл боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттык комиссия түзүлүшүн да талап кылыша тургандыгын билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров бул маселе жакынкы күндөрдө парламенттин жалпы жыйынында карала тургандыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM