Биз менен байланышыңыз

Түркия Ошко пландалган жаңы аэропортту каржылап берүүнү сунуштады

Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 934 | 0

Түркия Ош облусунда курулуусу пландалып жаткан жаңы эл аралык аэропортту каржылап берүүнү сунуштады. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин кытайлык жеке компания куруп берүү ниетин билдирген, бирок, стратегиялык мааниден улам колдоо тапкан эмес. Эми Түркия тарабынан каржылоо сунушу түшүп, бул багытта талкуу иштери жүрүп жатат.

Аэропорт куруу пландалган аянтты Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов жеринен барып көрүп, Өкмөткө сунуш даярдоону жооптуу кызматкерлерге тапшырды.

Кошумчалай кетсек, Ош облусунда жаңы эл аралык аэропорт куруу үчүн 500 гектар жер аянты Мады жана Отуз-Адыр айыл аймактарынан бөлүнгөн. Бирок каражат чечилбей, трансформация иштери да аягына чыкпай, токтоп калган. Учурда анын ичинен 10 гектар аянтын жергиликтүү калк ат майдан катары убактылуу колдонуп келет.

Copyright © 2017 Maral FM