Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот: Райкүл Жапарованын иши кайра териштирилет

Кыска кабар | 5 Фев 2021 | 1003 | 0

Жогорку Соттун басма сөз кызматы президент Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапаровага коюлган айыптар жокко чыгарылганын тастыктады.

Жогорку Соттун 2021-жылдын 25-январындагы токтому менен адвокаттардын Райкүл Жапаровага карата кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо жөнүндө өтүнүчтөрү канааттандырылган.

Биринчи, экинчи жана көзөмөл инстанцияларынын сот актылары жокко чыгарылган. Кылмыш иши сотко чейинки өндүрүшкө алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралдагы басма сөз жыйынында Райкүл Жапаровага коюлган айыптар жокко чыгарылып, баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүн кабарлаган.

Зулушев: Райкүл Жапаровага коюлган айыптар жокко чыгарылган

Copyright © 2017 Maral FM