Биз менен байланышыңыз

Зулушев: Райкүл Жапаровага коюлган айыптар жокко чыгарылган

Кыска кабар | 5 Фев 2021 | 875 | 0

Президент Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапаровага коюлган айыптар жокко чыгарылып, баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Мындай маалыматты Башкы прокурор Курманкул Зулушев басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Зулушев билдиргендей, Жапарова күнөөлүү деп табылган чечим жокко чыгарылгандыктан, ал Кыргызстанга эркин келсе болот.

«Райкүл Жапарованын иши Жогорку Сот тарабынан бүт жокко чыгарылып, кайра тергөөгө берилген. Мунун жашыруун жагдайы жок. Эми аны экстрадиция кылууга да кажет жок, эркин эле келсе болот», — деди Зулушев.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы бул тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилерин кабарлады.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2020-жылдын 4-ноябрындагы басма сөз жыйынында Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча Польшадан жооп күтүлүп жатканын айткан.

Анын маалыматы боюнча, Райкүл Жапарова 2020-жылдын 22-майында Польшанын аймагында кармалган. Аны өлкөгө алып келүү боюнча былтыр июнь айында өтүнүч жиберилген. ИИМ Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын февралда маалымдаган.

Райкүл Жапаровага «Ысык-Көл» инвестициялык банкын рейдерлик жол менен басып алган деген күнөө коюлган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 2-бөлүмү (акча адалдоо), 183-берененин 3-бөлүмү (алдамчылык), 166-берененин 4-бөлүмү (коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Мүлкү конфискацияланган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2014-жылдын 22-октябрындагы чечими менен Жапаровага карата тандалган «үй камагында кармоо» бөгөт чарасы «камакка алууга» өзгөртүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM