Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана программасын колдоду

Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 1213 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети Улукбек Марипов баштаган Өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасын жактырды.

Премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталып жаткан Улукбек Марипов экономика маселеси артыкчылыктуу багыт катары караларын билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калтырылат. Муну менен катар каржылык жоопкерчиликти арттыруу багытында Экономика жана финансы министрликтери бириктирилет.

Социалдык өнүгүү министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигине кошулат, Транспорт министрлигине архитектура тармагы да жүктөлөт.

Коргоо министрлиги кайрадан түзүлөт. Андан сырткары энергетика чөйрөсүндө көйгөйлөр көп экендиги эске алынып, өзүнчө министрлик түзүлүп, Айыл чарба министрлигине аймактарды өнүктүрүү жоопкерчилиги берилет.

Мариповдун талапкерлигин эми парламент 3-февралда жалпы жыйында талкуулайт. Буга чейин өткөн көпчүлүк коалиция колдогон.

Улукбек Мариповдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин «Республика-Ата-Журт» фракциясы сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM