Биз менен байланышыңыз

АКШда Пандемиядан улам «көбүк шардын» ичинде концерт коюлду

АКШнын «The Flaming Lips» тобу Оклахома шаарында эки уникалдуу шоу-концерт өткөрдү. Мындагы өзгөчөлүк ар бир келген конок концертти милдеттүү түрдө чоң шардын ичине кирип көрүштү. Уюштуруучулар муну «космос көбүктөрү» деп атады. Аталган топтун ырчысы Уэйн Коин өз сөзүндө:

«Адамдар үчүн азык-түлүк дүкөнүнө барганга караганда, бул коопсуздукту сактап, убакыт өткөргөнү алда канча пайдалуу», — деди.

Топ өзү андай шарларды пандемия баштала электе эле сахнага пайдаланышкан. Андан кийин бул ыкма көрүүчүлөргө да колдонула баштады.

Copyright © 2017 Maral FM