Биз менен байланышыңыз

Япония: Аскер кызматкерлери коронавируска каршы күрөшкө тартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 707 | 0

Япониянын коргонуу күчтөрү коронавирус чыккандыгы кабарланган Миякодзима аралына жөнөтүлдү. Алар коронавируска каршы күрөшүүдө медиктерге жардам көрсөтөт.

«NHK» каналынын маалыматы боюнча, Миякодзимада 5 күндүн ичинде 110 адамга коронавирус диагнозу коюлган. Бул аралда 55 миңге жакын адам жашайт.

30-январда Японияда коронавирустун «британиялык штаммынын» биринчи очогу аныкталды.

Саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматы боюнча, Токио менен чектеш Сайтама префектурасында чогуу иштеген 3 адам штаммды жуктуруп алган. Алардын бардыгы бир адамдан жуктурганы аныкталды. Учурда бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат.

Япония өкмөтү өлкөнүн башка аймактарындагы өзгөчө кырдаалды дагы бир айга узартуу маселесин карап жатат.

Өзгөчө кырдаал борбору Токио баш болгон 11 префектурада 7-февралга чейин иш алып барат.

Copyright © 2017 Maral FM