Биз менен байланышыңыз

Эртең Казакстанда коронавируска каршы массалык эмдөө башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 621 | 0

Эртең, 1-февралдан тарта Казакстанда коронавирус инфекциясына каршы жалпы эмдөө башталат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Казакстан калкты эмдөөдө Орусиянын «Sputnik-V» вакцинасын тандап алган. Буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде, Караганда фармацевтикалык комплекси өлкөгө аталган вакцинанын биринчи партиясын жеткирди.

Жалпысынан, февраль айында Караганда фармацевтикалык комплекси 112 миң доза вакцина, мартта 150 миң, апрелден июнга чейин ай сайын 600 миң дозадан вакцина жөнөтөт. Ошондой эле апрель айынан баштап ай сайын 500 миң дозага чейин көбөйтүү менен 75 миң дозада «QazCovid-in» ата мекендик вакцинасы менен эмдөө пландаштырылууда.

Биринчи кезекте медицина жана укук коргоо кызматкерлери эмдөөдөн өтөт.

Профилактикалык эмдөө каршы көрсөтмөсү бар адамдардан башкасынын баарына уруксат берилет. Эмдөөнүн алдында милдеттүү медициналык текшерүү жүргүзүлөт.

Өлкөдө эмдөө пункттарынын даярдыгы текшерилип, профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн стандарттуу иштөө процедуралары бекитилип, 2 миңден ашуун медициналык кызматкер атайын окуудан өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM