Биз менен байланышыңыз

Улуу Британияда жалпы элдик «Чоң сүрөт көргөзмөсү» долбоору башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2021 | 922 | 0

Улуу Британияда алдыңкы музейлердин жана сүрөтчүлөрдүн колдоосу астында көрүүчүлөрдү кызыктырып, алардын чыгармачыл фантазиясын ойготуу максатында жалпы улуттук көркөм иш-чара өткөрүлүп жатат. «Чоң сүрөт көргөзмөсү» аттуу бул долбоордун идеясы белгилүү айкелчи Энтони Гормлиге таандык.

Акциянын уюштуруучулары британиялыктарды өз колу менен ар кандай көркөм эмгектерди жаратып, аларды ар кимиси үйлөрүнүн терезесине, балконуна же бакчасына, кыскасы, көрүнөө жерге коюусу керектигин айтышты. Ар бир эки жумада берилген тапшырма өзгөрүп, жетектеген сүрөтчү алмашылып турат.

«Жаңы долбоор британдыктардын чыгармачылыгын ойготуп, оптимизмге чакырат. Пандемиядан улам сүрөт көргөзмөлөрү жана театрлар жабылып турганда, мындай саамалык үйүнөн эч жакка чыга албаган эл үчүн абдан керек», — дейт Гормли.

Анткен менен долбоор жергиликтүү элди канчалык кызыктырары, үйдө жасалган көркөм эмгектер жөнүндө маалымат кантип чогултулары, карантин алынып салынгандан кийинки кадамдар кандай уланары азырынча белгисиз. Саамалык апрелдин аягына чейин уланат.

Copyright © 2017 Maral FM