Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда коронавируска каршы калкты эмдөө иштери жүргүзүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2021 | 554 | 0

COVID-19 расмий катталбаган Түркмөнстанда коронавируска каршы калкты эмдөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Нурмухаммед Аманнепесовго коронавируска каршы калкты эмдөө боюнча тапшырма берген. Ал Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму тастыктаган вакцина менен эмдөө жүргүзүү жана бет кап тагынуу эрежесин тыкыр көзөмөлдөө керектигин айтты. Ошондой эле чет өлкөгө окууга кетүүчү студенттердин да эмдөөдөн өтүүсүн көзөмөлдөөгө чакырды.

-Оорууну жуктургандан кийин дарылаганга караганда, алдын алган жакшы, — деп белгилейт Бердымухаммедов.

Буга чейин Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-январда Борбор Азиядагы мамлекеттер арасында биринчилерден болуп Орусия өндүргөн «Спутник-V» вакцинасын каттоого алып, тиешелүү сертификат тапшырган.

Былтыр августта Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму өлкөдө пневмониядан каза болгондор көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирип, расмий Ашхабадга коронавирусту аныктоочу тестирлөө өткөрүүнү сунуш кылган.

Түркмөнстанда коронавирус инфекциясы расмий катталган эмес. Буга чейин Түркмөнстандын бийлиги башка себептерди шылтоо кылып, жарандар үчүн бир катар чектөөлөрдү, анын ичинде беткап режимин киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM