Биз менен байланышыңыз

Анарбек Ибраев: Маанисиз ырларга эртерээк бөгөт коюу керек

Булбул таңшык үнү менен калың элге алынган, Мукан Рыскулбековдун «Эжелерим, агайым», Сардарбек Жумалиевдин «Таң сыры», «Үзүлбөгөн үмүттөр», «Сары-Челек»,  Жумамүдүн Шералиевдин «Кыргыз жайлоосу», Бабаравшан Тургунбаевдин «Эстей берем» сыяктуу жана башка көптөгөн обондорду ийине жеткире аткарган Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анарбек Ибраев «Мен жана мезгил» программасынын кезектеги коногу болду.

— Агай, кош келиңиз! Эфир башталарда бир саамга ойлонуп калдыңыз…

— Программанын аталышы жакты. Мезгил тынбай жүрө берет. А мен: «Кандай жашоо-турмушту башымдан өткөрдүм? Кандай ийгиликтерди  багындырдым? Дагы эмнелерге жетише албай калдым?» — деген суроонун тегерегинде ойлоно түштүм (күлүп).

— Салт болуп калгандай, алгач туулуп-өскөн айылыңыз, андагы кызыктар туурасында сүйлөшөлү…

— Балалыгым Ысык-Көлдүн Тепке деген айылында өттү. Аталышынын өзүнчө бир тарыхы бар. Анткени ал жерде көрүнүшү комуздун тепкесине абдан окшош дөбөчө жана комуздун кылындай катар түшкөн үч кокту бар. Тайларымдын да колунда чоңоюп, тарбия алып калдым. Айылыбызды «күү дарыган өрөөн» деп аңыз кылып келишет. Анткени ар бир үйдө комуз бар. Бир үй-бүлөдө жок дегенде бирөө таланттуу болуп, комуз чертет. Менин талантым да — тайларымдан келген өнөр. Мектепте окуп жүргөндө ырдагандан уялчумун. Анан бирге окуган кыздар ырдаарымды билип калышып, бир күнү класска камап, «Ырдамайынча чыкпайсың», — дешип, кыйнап отуруп ырдатышканы эсимде (күлүп). Ошол кезде Рыспай Абыдкадыровдун ырлары популярдуу болчу. Журналист болом деген кыялым бар эле. Бир жолу айылдык балдар филармониянын студиясына окууга тапшырып калышты. Алар менен кошо барып, Рыспай Абдыкадыровду көрүп калып, артынан бир күн бою калбай ээрчип, кумир туткан адамымды жанынан көргөнүмө кубанганым эсимде. Бир күнү чыдабай кетип, жанына барып, «Мен да ырдап берсем болобу?» — дедим. Рыспай ага: «Ооба, ырдай кой», — деди. Анан «Аккордеондун бул жеринен баштаңыз», — деп көрсөтсөм, «Нота билесиңби?» — деп күлүп калды. Мен: «Жок, сизди дайыма телевизордон көргөндө ушул жерден баштайсыз», — дедим. «И-и, алтын бала турбайсыңбы, кайсыл ырды ырдайсың?» — деди. Анан дароо «Алмашымды» өзүндөй ырдап бердим. Аккордеонун кое салып эле, мени жетекчиликке алып кирип, «Бул баланы жумушка алышыбыз керек», — деди. Чыгармачылык тушоом ошол жерден кесилген.

— Жашооңузда канча деген мезгилдер зымырап өттү. Азыр жашоонун кайсыл мезгилин көбүрөөк эстейсиз?

— 25 жаштан кийинкисин көбүрөөк эстейм. Анткени ал учурда ырдап, элге таанылып, дүйнөгө гастролго чыгып калган кез эле. Бул учур дайыма күнү бүгүнкүдөй эсимде. Жайлоо, кыштоо, тамеки талааларга барып концерт коюп, 2-3 күндөн кийин эле Италия, Францияга кетип калчубуз. Ошол кезде жашоо ушунчалык кызыктуу жана чыгармачылыкта чоң эргүүлөр бар болчу. Ал эми армияга шаарга жакын эле Кордай тарапта жайгашкан аскердик бөлүктө кызмат өтөгөм. Барганда эле: «Эмнеге шыгың бар?» — деп сурашты. Афишам жанымда болчу, «Буга чейин ырдап жүрчү элем», — десем, «Аа, анда полктун ырчысы болосуң», — деп тамашалап калышты. Аскердик кызматымды толук өтөдүм. Ал жактагы эстрадалык ансамбль менен Орто Азиянын өлкөлөрүндө, Москвада өткөн чоң концерттерге катышканбыз. Армия мага чыгармачылык жактан көп жардам берди. Ошол кезде бул тараптын талабы да бир башкача болчу. Таланттарга жакшы мамиле жасашчу. Азыркы армия менен салыштырып болбойт.

— Адегенде эле чыгармачылыкты Чоро Кожомжаров жетектеген эстрадалык топтон баштаптырсыз. Бул топ көптөгөн таланттуулардын багын ачкан. Алардын катарында сиз дагы барсыз. Эстрадалык жанрдан баштооңуздун себеби эмнеде?

— Топко ошол кезде солисттер жетишпей калды. Зейнеп Шакеева, Эрмек Мойдунов, Алтынбек Сапаралиев эле бар болчу. Анан мага: «Сен жашсың, эстраданы көтөрүү керек, иште», — дешти. Ошол топто иштеп жүрүп, шедевр ырларды жараттым. Кийинчерээк, классикалык жанрды тандап кеттим. Ал эми Анарбек Ибраев деген ысымды тааныткан Каракол шаарына арналып чыгарылган «Сүйгөн шаарым» ыры болгон.

— Жакында 70 жашка толот экенсиз. «Жаш курак өткөн сайын үн да өзгөрөт» деп айтышат эмеспи. Кандай кам көрөсүз? 

— Өздүк гигиенаны туура сактап, кээ бир тамактардан баш тартуу абзел. Ичкиликтен алыс болуп, үндү бапестөө керек. Эгерде үн жакшы сакталса, 80 жашка чейин ырдаса болот.

— Маданият министрлигинин фонограммасыз ырдоо демилгесине көз карашыңыз кандай?

— Маданият министрлиги жыйын уюштуруп, ага мен да катышкам. Менин оюмча, бул — абдан жакшы идея. Эмне үчүн биздин көрүүчүлөр, күйөрмандар билет сатып алып, 2 сааттык концерттик программаны фонограмма менен угуп, көрүп кетиши керек? Негизи, эстрадалык-симфониялык оркестр түзүп, ошол жерге жандуу үн менен ырдоо боюнча конкурс жарыялоо керек. Ырга аранжировка жасатып, жандуу аткарышсын. Ошондо гана ким кандай деңгээлде ырдай алары билинип калат.

— 1985-жылдары чет өлкөлөргө чыгармачылык сапар менен көп чыгыпсыз. Ошол учурда мамлекет тараптан кандай колдоо көрсөтүлчү эле? Азыркы учур менен салыштырып болобу? 

— Ал кездерде система бир аз башкачараак эле. Ырларды иргеген редакциялык кеңеш болгон. Ырдаган ырыңдан баштап, кийип жүргөн туфлиңе чейин карап, электен өткөрүп турчу. Ошонун негизинде чет өлкөгө гастролго чыкчубуз. Ар бир барган өлкөдө адегенде кыргыздын ырын ырдап, андан соң ошол элдин ырын ырдачубуз. Азыр эми ошондой жоопкерчилик жок болгондугу үчүн обу жок, туура эмес ырлар кетип калып жатат. Азыркы Маданият министрлиги көп иштерди жасоо алдында турат. Биз дайыма колдоп турабыз. Эгерде батыраак бөгөт койбосок, мындан да төмөн түшүп кетишибиз мүмкүн.

— Убакытты кандай пайдаланасыз? 

— Азыркы учурда бир күндүк режимди алсак, менде бош убакыт жок. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин көркөм өнөр деген чоң факультети бар. Мугалимдик кесипти аркалап жүргөнүмө 12 жыл болду. Окуйм деп келгенден кийин бош олтурбай, жаштар аракет кылышы керек. Ар бир адам таланттуу. Жалкоолукту артка таштасак эле оңолобуз.

— Адамды кандай мүнөзү ийгиликке жетелейт?

— Көздөгөн максатыңа кылчактабай, бир багытта баруу, тырышчаактык, андан сырткары өжөрлүк жана өзүңө-өзүң ишенүү керек. Жашооң дайыма таттуу боло бербейт. Тоскоолдуктар да кооздоп турат. Бирок ар бирине реакция кыла берген болбойт. Аны жеңе билүү зарыл. Болгон окуядан мисал келтирип кетейин, атын атабай эле коёюн, өзүмдүн эле кесиптешим менен дайыма кер-мур айтышып жүрчүбүз. Бир жолу чоң концертте сахнага чыгардын алдында ушундай жаман сөздөрдү айтып туруп, кетип калды. Ачуу сөз угуп, титиреп барып, өзүмө келдим. Сахнага чыгарда тилимди тиштеп, «Мен ал нерсеге көңүл бурбашым керек, көрүүчүлөр турат. Менин максатым башка», — деп, өзүмдү алаксытып чыгып кеткем. Көралбастыкка кол шилтеп гана коюу керек.

Copyright © 2017 Maral FM