Биз менен байланышыңыз

Ырчы Анжеликанын кичүү кызына жасалган операция ийгиликтүү өттү

Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 1700 | 0

Анжеликанын кичүү кызына операция жасалып, азыркы учурда жандандыруу бөлүмүнөн палатага  которулду. Бул маалыматты ишенимдүү булактар «Марал» радиосуна билдирди.

«Азыркы учурда Анжеликанын кызына жасалган операция ийгиликтүү өттү. Жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Экөөнүн тең абалы жакшы. Буюрса, 10 күн аралыгында ооруканадан чыгарылат», — деди маалымат берген адам.

Эске салсак, Анжелика Караколдон Бишкекке келе жатып, жол кырсыгына кабылган. Унааны курбусу башкарып келе жатканы жана өзү менен кошо эки кызы да бар экени айтылган. Кичүү кызы эки бутунан жаракат алып, Анжелика омурткаларынан жабыркаган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кыздын жамбаш сөөктөрүндө сынык бар экенин, операция жасоо пландалып жатканын билдирген. Ал эми ырчы Анжеликага 24-январда чукул операция жасалган. Ал 23-январдын кечинде ооруканага түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM