Биз менен байланышыңыз

Студенттер аралык «Ырдын пири — Рыспай» кароо-сынагы өтөт

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 1018 | 0

29-январда Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайы студенттер арасында КР эмгек сиңирген артисти, залкар обончу-композитор, маркум Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата «Ырдын пири — Рыспай» аттуу кароо-сынак өткөрөт. Бул тууралуу окуу жайдын директору Түмөнбай Колдошов «Марал» радиосуна билдирди.

Маалым болгондой, кароо-сынак эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүктө сынакка катышкан студенттердин ырдоо чеберчилиги эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер, белгилүү обончу-композиторлордон түзүлгөн калыстардын сынына коюлса, экинчи бөлүктө окуу жайдын мугалимдери жана студенттери чакан концерт берет.

Түмөнбай Колдошов белгилегендей, кароо-сынакка катышууну каалаган 25 студенттин ичинен 15и тандалып алынган. Эми алар 29-январь, саат 13:00дө Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын концерттик залында боло турган кароо-сынакта калыстардын сынынан өтүшөт. Жеңүүчүлөргө атайын белектер да каралган.

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусундагы Совет (азыркы Кара-Кулжа) районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Обон дүйнөсүнө, музыка дүйнөсүнө өзгөчө из калтырган, кылымдын кайталангыс инсаны катары тарыхта калган композитор көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Анын «Алмашым», «Түгөйүм», «Сагынуу», «Издейм сени», «Алтынчы күнү кечинде», «Ботокөз», «Сагындым туулган жер сени» сыяктуу көптөгөн обондору ушул күндө да ырчы-аткаруучулардын репертуарынан түшпөй келет. Айрым музыка изилдөөчүлөр: «Абдыкадыров — аккордеон менен ырдоону, аккордеонго ылайыкталган обон жаратууну модага айланткан, немистердин музыкалык аспабына кыргыздын керемет обондорун салып, аны улуттук аспап сыяктуу кабылдатууда өзгөчө эмгек сиңирген», — деген баасын берип келишет.

Рыспай Абдыкадыров 1994-жылы 12-сентябрда 53 жашында узакка созулган оорудан каза болгон. Сөөгү Оштогу Сулайман-Тоонун этегине коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM