Биз менен байланышыңыз

20-январдан тарта Оштогу мектептер кадимки тартипте иштеп баштайт

Кыска кабар | 14 Янв 2021 | 469 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 20-январынан тарта Ош облусунун аймагында мектептер кадимки тартипте иштеп баштайт. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда 264 мектеп реалдуу режимде, 281 мектеп алгоритм аркылуу, эки мектеп онлайн режимде окутууда.

2020-2021-окуу жылында Ош облусу боюнча 547 жалпы билим берүүчү мектеп иштеп жатат. Облус боюнча жалпы 249 миң 932 окуучу билим алса, 188 миң 63 мугалим эмгектенет.

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар качан ачылары айтылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM