Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар качан ачылары айтылды

Кыска кабар | 8 Янв 2021 | 5970 | 0

Бишкек шаарында 18-январдан баштап мектепке  1-5-9-11-класстар барат. Балдар эки нөөмөттө окушат, шахмат түрүндө отургузулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бул режимде мектеп окуучулары 1-февралга чейин окушат, ал эми адистер, эпидемиологдор пандемия учурундагы  билим берүү процессине көз салышат.

Эгерде көрсөткүчтөр туруктуу болсо, болжол менен экинчи этап башталат — бардык окуучулар мектепке барып, билим ала башташат.

Белгилей кетсек, ар кандай себептерден улам, оффлайн режиминде сабактарга катыша албай калган балдар үчүн онлайн режиминде окууга болот. Бул тажрыйба шаарларда жана өлкөлөрдө кеңири колдонулат, алар билим берүү уюмдарынын ишин акырындык менен кайра ачуу процессинде дагы бар.

Мектептердеги консервацияланган күндүзгү ооруканалар жайгаштырылат, техникалык камсыздоо Үй-бүлөлүк медициналык бөлүмүнө өткөрүлүп берилет, керебеттер жана башка шаймандар сактоо үчүн тиешелүү кызматтардын балансына өткөрүлөт.

Бала бакчалар дагы 20-январда ишин улантат.

Болжол менен  12-январдан 18-январга чейин борбордогу мектептерде мугалимдерди медициналык кароодон өткөрүү пландаштырылган, бул үчүн ҮМБ дарыгерлери мектептин дарыгерлери менен медайымдарына жардамга келишет. COVID-19 клиникалык белгилери  бар тарбиячылар, байланышкан адамдар ПЦР тестирлөөсүнө жөнөтүлөт. Ошол эле учурда, билим берүү мекемелеринин имараттарында дезинфекциялоо жүргүзүлөт, райондук  билим берүү борборлору окуу процессин (тамак-аш, жеке коргонуу каражаттары) камсыз кылуу боюнча даярдык иштерин бүтүрүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM