Биз менен байланышыңыз

«Экономика министрилиги мунай өндүрүүчүлөр менен иш алып барган жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Янв 2021 | 592 | 0

Экономика министрилиги мунай өндүрүүчүлөр менен иш алып барган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Ал эми Экономика министрлиги ЕАЭБдин талаптарын аткарууда мунай өндүрүүчү заводдорго колдоо көрсөтүп, модернизациясына жардам бериши керек эле. Анткени биримдиктин талаптары мурдатан бери белгилүү болчу. Бул жакта жумуш жүргөн жок. Сапатсыз күйүүчү майларды ташууга чектөө коюп, катуу көзөмөлгө алуу зарыл. Анын артында бензиндин баасы көтөрүлбөйт», — дейт Маматалиев.

Анын айтымында, кара түтүндүн (ыш) калктын ден соолугуна тийгизген зыянын ачык айтуу зарыл. Анткени ден соолук акча менен эсептелбейт, ал баарынан баалуу.

Унаалардын катализатору жок болсо, сапаттуу бензин колдонулса да, зыяндуу заттар көп бөлүнүп чыгат. Андыктан сапаттуу бензин жана катализатор маселесине бирдей көңүл буруу кажет.

Айта кетсек, талапка ылайык, Кыргызстанга К-4 жана К-5 үлгүсүндөгү мунай импорттолушу керек. Бирок өткөн жылы мунай өндүрүүчү заводдор модернизацияга жетишпей калган. Аларга мүмкүнчүлүк түзүү максатында Экономика министрлиги ЕАЭБдин комиссиясына жоболорду аткаруу мөөнөтүн 2 жылга узартуу сунушу менен кайрылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM