Биз менен байланышыңыз

«Шайлоо одоно мыйзам бузуу, адам укуктарын тебелөө менен өткөн жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Янв 2021 | 3319 | 0

Шайлоо одоно мыйзам бузуу, адам укуктарын тебелөө менен өткөн жок. Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө туруктуулукка, жаңыланууга кадам таштады. Анткени мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо адмнистративдик ресурс колдонуу байкалган жок. Шайлоого карата добуштарды сатып алуу фактысы аз катталды. Бул эл эркин тандоо кылганынан кабар берет.

Абдрахматова элдин шайлоодогу пассивдүүлүгүн аба ырайынын суук болушу, коронавирус жана шайлоочулардын тизмеси менен болгон иштин чабалдыгы менен байланыштырды. Буга кошумча «№2 Форманын» жоюулушу да шайлоого катышкандарын санына кедергисин тийгизгенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM