Биз менен байланышыңыз

Кайыпов: Парламенттик шайлоо чукул арада өтүшү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Янв 2021 | 576 | 0

Парламенттик шайлоонун жылдырылышы — легитимсиз. Ал мүмкүн болушунча чукул арада өтүшү керек. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламенттик шайлоого чейин мыйзамдарга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилбеши керек. Шайлоо өткөн соң, Жогорку Кеңештин жаңы курамы мыйзамдарды өзгөртүү маселесин карашы абзел.

Ал эми жаңы бийлик президенттик башкаруунун эл аралык милдеттенмелерге дал келе тургандай формасын иштеп чыгышы керек. Ар бир жарандын башкаруу формалары боюнча түшүнүгү ар түрдүү болгондуктан, тандоодо маселе бар.

«Биз 10 жыл парламенттик башкарууда жашадык деп ойлоп жүрсөк, андай болгон эмес экен. Ошондуктан, азыркы бийлик президенттик башкаруу деп эмнени түшүнөт, жыйынтыгында авторитардык президенттик башкарууну алып келеби же ийгиликтүү өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып башкача формасын сунуштайбы, бул маселелер абдан маанилүү. Эң негизгиси мыйзам, легитимдүүлүк сакталышы керек. Мындан аркы кадамдар мыйзам чегинде жасалышы керек», — дейт Кайыпов.

Copyright © 2017 Maral FM