Кыргызстанда саат 16.00гө карата добуш берүүгө катышкандардын саны 947 миң 600 болду. Бул жалпы шайлоочулардын 26,59 пайызын түздү.
Саат 16:00гө карата башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга 946 миң 104 жаран добуш берди. Бул — 26,55 пайыз.
Чет мамлекеттерде 7384 жаран шайлоого катышты, бул 14,92 пайызды түздү.