Биз менен байланышыңыз

Өткөрмө пункттарында унаа номерлерин каттоо камералары ишке киргизилет

Кыска кабар | 8 Янв 2021 | 444 | 0

Бир жумада  унаа номерлерин фиксациялоо камералары бардык өткөрүү пункттарында ишке киргизилип, «Бириккен пост» тутумуна интеграцияланат. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Талас облусуна болгон жумушчу сапарында билдирди.

«Бул жүк ташуучу унаа транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга мүмкүндүк берет,»  — деди Новиков.

Көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагын кыдырып чыккан соң, Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу айрым кызматардын ишине сын-пикирин билдирди.

Артем Новиков кыска мөөнөттө автономерлерди фиксациялоо тутумун орнотуп, өтүүчү жолдун жазылыгын кыскартып, «Бириккен постту» кыйгап өтпөшү үчүн жүк ташуучу транспортко тыюу салуучу жол белгисин орнотууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM