Бир жумада унаа номерлерин фиксациялоо камералары бардык өткөрүү пункттарында ишке киргизилип, «Бириккен пост» тутумуна интеграцияланат. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Талас облусуна болгон жумушчу сапарында билдирди.
«Бул жүк ташуучу унаа транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга мүмкүндүк берет,» — деди Новиков.
Көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагын кыдырып чыккан соң, Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу айрым кызматардын ишине сын-пикирин билдирди.
Артем Новиков кыска мөөнөттө автономерлерди фиксациялоо тутумун орнотуп, өтүүчү жолдун жазылыгын кыскартып, «Бириккен постту» кыйгап өтпөшү үчүн жүк ташуучу транспортко тыюу салуучу жол белгисин орнотууну тапшырды.