Биз менен байланышыңыз

Шайлоо күнү коомдук коопсуздукту 11 миңден ашык милиция камсыздайт

Кыска кабар | 4 Янв 2021 | 855 | 0

Президенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого 11 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Ички иштер министри Улан Ниязбеков шайлоого карата көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу онлайн жыйында айтты.

8-январдан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт. Атайын иш пландарга ылайык, шайлоо тилкелерин 5 миңден ашуун кызматкер кайтарууга алышты.

Министр онлайн чогулушта шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук тартиптин сакталышы, мыйзамдуулукту сактоо, ар кандай тартип бузууларга өз убагында чара көрүүнү тапшырды.

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдум да өтөт. Шайлоого 17 талапкер ат салышат. Учурда үгүт иштери жүрүүдө, ал 8-январда аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM