Connect with us

Коронавирус: Францияда чектөөлөр күчөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2021 | 940 | 0

Францияда коронавирус инфекциясынын активдүү жайылышына байланыштуу 15 департаментте чектөөлөр күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлү Габриэль Аттал билдирди.

Тактап айтканда, коменданттык саат эми 20:00дө эмес, 18:00дө башталат.

«Бул — татаал чечим. Бир жуманын ичинде биз 15 бөлүмдө кеңейтилген коменданттык сааттын кесепеттерин изилдейбиз», — деди Аттал.

Буга чейин Түштүк Африка Республикасында аныкталган коронавирустун жаңы түрү Францияга жеткени кабарланган.

Вирус Түштүк Африка Республикасынан өлкөгө кайтып келген адамдан табылган. Инфекциялык агенттер анда 501.V2 Түштүк Африка штаммы аныкталгандыгын тастыкташты.

Copyright © 2017 Maral FM