Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Президенттик башкаруу тандалса, 2 жылда чоң коркунуч күтөт

Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 1019 | 0

Президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков 10-январдагы референдумда президенттик башкарууну тандай турган болсо, күтүлгөн коркунучтарды айтты. Ал талапкерлердин теледебатында сүйлөп жатып, 2 жыл ичинде болуп көрбөгөндөй экономикалык кризис каптай турганын эскертти.

-Көпчүлүк азыр кандай башкаруу болоруна көңүл бурбай жатат. Бул тандоо ар бир жарандын тагдырына, жумушсуздукка, экономикага таасир этет. Бул маселелерди парламенттик башкаруудагы өлкөлөр жакшы чечкен. Дүйнөдө 20 мыкты мамлекет болсо, анын 17си парламенттик башкарууда.

Ал башкаруу системасы жөнүндө сөз кылып жатып Германиянын 1945-жылдагы экиге бөлүнгөнүн эске салды. Анда парламенттик башкарууну тандаган тарабы өнүккөнүн, президенттикти тандаганы артка кеткенин айтты.

Эскерте кетсек, бүгүн 30-декабрда президенттикке талапкерлердин теледебаты өтүүдө. Ага Равшан Жээнбеков, Бабур Тольбаев, Улукбек Кочкоров, Абдил Сегизбаев, Жеңишбек Байгуттиев, Курсан Асановдор катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM