Биз менен байланышыңыз

«Украина кыргыз бизнесинин Европадан ордун табышына жардам берет»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Дек 2020 | 859 | 0

Украина кыргыз бизнесинин Европадан ордун табышына жардам берет. Бул — эки өлкөнүн орток кызыкчылыгы. Мындай пикирин Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, украиналык компаниялар аркылуу Кыргызстандын товарларын Европага алып чыгуу жеңилирээк. Кыргызстан өндүргөн бир катар товарлар Европада белгилүү. Алсак, кургак жемиштердин орду өзгөчө. Кыргызстандын өрүктөрү али химиялык заттарды «тааный» элек топурактарда өсүүдө.

Украина балды экспорттоо боюнча чоң тажрыйбага ээ. Кыргызстандык ишкерлер украиналык кесиптештери менен тажрыйба алмашты. Эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы диалог улантылат.

2021-жылдан тарта карантиндик чектөөлөр акырындык менен жоюлат. Анын артында туризм да өнүгүшү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM